Момбеков: Билим берүү тармагы коопсуздук кызматынан да жашыруун болуп калды

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Билим берүү министрлигине мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Бирок, ушуга чейин бул каражаттын кайда жумшалгандыгы тууралуу маалымат бериле элек. Министрлик коопсуздук кызматынан да жашыруун болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майдагы Жогорку Кеңештин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик тилде чыгарылган китептердин наркы өтө жогору болгондуктан, аларга атайын экспертиза жүргүзүлүшү керек.

“Министрлик тарабынан чыгарылган 3-класстар үчүн “Мекен таануу” китебинин Бишкек шаарына – 86, Ош облусуна – 56, Талас облусуна – 42 даанасы таратылган. Ушундай эсептеги китеп менен канткенде мамлектетик тилди өнүктүрө алабыз”,– деди Момбеков.

Источник: maralfm.kg