Талаш талкуу: Башка тилде сүйлөсөк да улут жоголбойт (Элдик пикир)

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

 Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Бишкек шаары боюнча 84 бала бакчанын ону гана кыргыз тилде билим берээрин айтып, кыргыз тилдүү бала бакчалардын санын көбөйтүүнү демилгелеген. «Марал» радиосу «Талаш талкуу» программасында «Кыргыз тилинде тарбия берген бала бакчалардын санын көбөйтүү зарылбы?» деген суроонун алкагында угармандардын пикирин билип көрдү. Байланышка чыккан угармандардын 94% кыргыз тилдүү бала бакчаларды ачыш керектигин айтат. Социалдык тармакка 6 билдирүү келсе, алар да эл өкүлүнүн демилгесин колдошот. Ал эми «бала бакчалар орус тилдүү болгону жакшы» деген 2 угарман бар.

Угарман:

— Кыргыз тилдүү бала бакчаларды көбөйтүш керек. Улутту тили гана тастыктайт. Орус жана башка тилдерде туура жазып, сүйлөгөндү үйрөтсөк. Бул өзгөчө башталгыч класстар үчүн абдан маанилүү. Окуучулардын арасында географиялык терминдерди туура жаза албагандар көп. Андыктан жаштарга эне тилди бала бакчадан тарта үйрөтүү зарыл.

— Кыргыз тилдүү бала бакчаларды көбөйтсөк өнүгүү болот. Балдарыбыз чулдурап, эне тилде оюн так айта алышпайт. Эне тилди кыргыздар эле эмес башка улуттун балдары да үйрөнсүн. Байкасаңар азыр айрым депутаттар да “барайлы, келейли” деп сүйлөшөт.

Таберик:

— Биздин балдар орус тилинде окуп, «киргиз» болуп калышты. Мындай болушун өзүбүз кааладык. Биз орус тилин билбей кыйналгандыктан балдарыбызды орус тилдүү мектеп, бала бакчаларга окутуп жатабыз. Бирок унутпайлы, улутту тил менен гана сактап калабыз.

Жума:

— Өкмөттү күнөөлөбөйлү. Бала төрөлгөндө эле «папа, мама» деп үйрөтүп жатабыз. Демек күнөө ата-энелерде. Жаштар айылдан келгенине 6 күн болсо электе шаардык боло калат. «Мама, папа» десе эле орус же шаардык болуп кетпейт. Мындан сырткары кыргыз класста окуган 5-класстын окуучусун орус класска которсок 4-класска кабыл алат. Бул ачык эле басмырлоо. Паспорттон улутубузду алып салдык. Эми улутту жок дегенде тилибиз менен сактап калалы.

Ырыскулбек:

— Орус тили керек, бирок кыргыз экенибизди унуптайлы. Орус тилинде билим алгандар  кыргыздын маданиятынан, чыгармаларынан кол жууп калууда. Андыктан кыргыз тилин үйрөнүү муктаждыгын жаратыш керек. Кыргыз дегенди өйдө коюп, улуттук баалуулуктарды  кийинки муунган сиңириш керек. Ар бир кыргыз кыргызга күйүшү кажет.

Алибек:

— Тил маселесин бийлик өкүлдөрү көтөрсүн.

Майрамбек:

— Мектепке чейинки билим берүү кыргызча болушу зарыл. Жеткинчектер алгач эне тилди үйрөнүшсүн. Орус тилин чет тил катары кийин да окуп алышат. «Уулум Орусияга иштегени барганда кыйналып калбасын» деген максатта орус тилдүү бала бакчаларды тандагандар бар. Максатыбыз балдарды мигранттыкка даярдоо болсо, аларды бала бакчага жиберүүнүн кереги эмне? Балким 20 жылдан кийин орус тили керек болбой калат. Ал эми эне тил ар дайым керек. Менин да балдарым тилекке каршы орусча окуйт. Кыргыз тилдүү бала бакча аз.

Кубаныч, Нарын шаары:

— Кыргыз тилди бала бакчадан тарта жогорку окуу жайга чейин милдеттүү түрдө окутуш керек. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди туура бөлүштүрсө. Орус класска көп басым жасалат.  Азыр кыргызча сүйлөгөндөр бир күнү өлөт. Биздин көзүбүз өтүп кеткенде кыргызча сүйлөгөн муун болушу кажет. Кыргыздын тили жоголуп кетпесин!

Бексултан:

— Кыргыз тилдүү бала бакчаларды милдеттүү түрдө көбөйтүү зарыл. Бул жөнүндө талкуу да болбош керек. Башка тилде ээн-эркин суйлөгөндү бала бакчадан үйрөтүш керек. Эгер бала күчтүү адис болсун десек, көп тил билгени дурус. Алсак, кыргыз тили менен 5 млн, кытай тилинде миллиарддаган киши менен сүйлөшүүгө мүмкүн. Бала бакчаларды 100 % пайыз кыргызча билим берүү менен балдарды улутчулдукка тарбиялап, келечегин чектеп коёбуз. Башка тилде сүйлөсөк да улут жоголбойт.

Нурбек:

— Жакшы талкуу болуп жатат. Кыргызчыны бала бакчадан тарта окутууну колдойм. Жеткинчектерге кыргыздын каада-салт, улуттук оюндарын үйрөткөн соң мектепке берсек жакшы болот.  Улутчулдукту да үйрөтүш керек. 2010-жылдагы окуяларды эстейли. Ал учурда кыргызга кыргыз гана күйдү.

Нурайым:

— Кыргыз тилин милдеттүү үйрөтүш керек. Кызым орус тайпада окуду. Азыр кыргыз тилин өздөштүрө албай кыйналып жатат. Тил адамдын мүнөзүнө да таасир этет. Кыргызча таалим-тарбия алган бала улуттун каада-салтын сайлаган, ата-энеге күйүмдүү болот. Ошол эле учурда чет тилдерди үйрөнүү көп пайдасын берет.

Канат:

— Тарбия бала бакчадан башталат. Ал жакта орустар деле аз, бирок эмнегедир көпчүлүгү орус тилдүү. Кыргызча окутууга куралдар жетишпейт дешсе, кытайлар заматта китеп чыгарып берет.

Талант:

— Балдарга жаш кезинде эмне берсек чоңойгондо ошону алабыз. Каада салтыбызды эмне себептеп билбеши керек? Түрктөр сөздөрдү өз тилине которуп алат. Кытай деле өз тилинде сүйлөйт. Бул жерде мугалимдердин да сапатын жакшыртуу зарыл.

Азамат:

— Кыргыз тилин окуш керек дейбиз. Бирок иш кагаздырынын баары орус тилинде. Мисалы, орус тилин билбесең көп жерде иштей албайсың. Кыргыз тилин үйрөнгөнгө жараша башка документтерди да эне тилге которуш керек.

Whatsapp:

— Кыргыз тили менен орус тили чогуу болсун. Азыркы абал канааттандырат. Андыктан жаңы демилге көтөрүүгө негиз жок.

— Мен кыргыз тилдүү бала бакчаларды көбөйтүү демилгесине каршымын. Анткени орус тили да керек.

— Азыр орус тилин колдогондор бара-бара кытай, англис тилин кошолу дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев:

— Тил мамлекеттүүлүктүн негизги белгиси. Андыктан кыргыз тилин өнүктүрүүү зарыл. Ошол эле убакытта жарандар көп тилдүү болушу шарт. Канча көп тил билсең, ошончо мүмкүнчүлүк ачылат. Эл кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыктар болсо, мамлекет шарт түзүп бериши кажет. Орус тилдин техникалык үйрөтүү базасы кенен экен. Ата-энелер балдарынын кызыкчылыгын ойлоп орус класска окутушат. Көп тилдүүлүк системасы менен кыргыз тилдүү мектептерге англис тилин күчөтүлгөн тартипте окутуу аркылуу элди кызыктырсак болот. Мына ошондо англис тилин тереңдетип окугусу келгендер кыргыз класстан билим алат.

Источник: maralfm.kg