Алмазбек АТАМБАЕВ: “Биздин аялдар эч качан башына мүшөк кийишкен эмес, алар ханайым болушкан”

Обратите внимание на дату публикации.

Кечээ, 20-июлда Бишкекте жүз чакты окумуштуулардын башын бириктирген «Алтай цивилизациясы жана тили окшош алтай тектүү элдер» форуму башталган. Бүгүн анын алкагындай, көл кылаасындагы Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсү ачылды. Алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырып жасалгаланган иш-чаранын ачылышын аземи өлкө башчбыз Алмазбек Атамбаев да катышты. Мамлекет башчы “Алтай конушу” көчмөн маданиятын чагылдырган ордо болорун, алтай элдеринин павильондору ачыларын билдирди.

Ошондой эле өз сөзүндө кыргыз айымдары баштарына мүшөк жамынбаган, башты бийик көтөргөн айымдар болгонун баса белгилеген өлкө башчыбыз: “Мага айрым конокторубуз кийинки айда бизге дагы келүүнү каалап жатышкандыктарын айтышты. Бүгүн биз чоң комплекстеги бир гана павильон ачтык. Бул көчмөн цивилизацияны чагылдурган башталыш катарында гана, бирок мында дагы көптөгөн павильондор болот. Августтун аягында булжерде кыргыз конушунун курулушун баштайбыз. Мага кээ бир делегаттар өзүлөрүнүн павильондорун ачууга ашыгып жатышканын айтып жатышат. Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз бар экенин эстей жүрүүбүз керек, биздин аялдар эч качан башына мүшөк кийген эмес, алар ханайым болушкан”,-деди. Муну менен өлкө башчыбыз кыздарыбызды баштарын ороп чулгап албай, Курманжан датка энебиздей эл башкарган айымдардан болууга чакырды.

Источник: egemen.kg