Санарипке өтүү боюнча ыкчам штаб түзүлөт

Автор: Субанбек Исмакеев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз Республикасы 15-майдан тартып санариптик телерадиоберүүгө өтөт. Буга байланыштуу маселелерди өз убагында чечүү үчүн санариптик телерадиоберүүгө туташтырууга жардам көрсөтүү жана үзгүлтүккө учуроолорду жоюу үчүн техникалык адистердин көчмө тобунан турган ыкчам штаб түзүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев санарипке өтүүгө арналган өкмөт жыйынында билдирди.

Жаңы түзүлө турган штабдын курамына тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кирет.

Жыйында айтылгандай, азыркы учурда республика боюнча 54 санариптик чагылдыргыч орнотулган, бул өлкө калкынын 95% санариптик телеберүү менен камсыздайт. Калктын калган 5% болгон 326 калктуу конуш “радиобайланыш жетпеген аймактарда” жашагандыктан санариптик телеберүү камтыла элек. Аталган конуштарды жашоочулары үчүн аналогдук телеберүүлөрдүн көрсөтүүлөрү 2017-жылдын 15-майынан кийин да сакталат.

Источник: maralfm.kg