Парламентте “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Акылбек Жапаровдун журналисттердин кирешесин ачык көрсөтүү керектиги тууралуу айткан сөзү кызуу талкууларга жем таштады. Өзгөчө гезит-журналдарга карата айтылган депутаттын сын сөзүнө төртүнчү бийлик өкүлдөрү теригип жаткан учур. Би-Би-Си Кыргызстандагы “Акча жана Бийлик” гезитинин редактору, талдоочу Турат Акимовго кайрылып, аталган депутаттын айткан сын-дооматында канчалык жүйөө бар деп сурады.
Турат Акимов: Биринчиден, Жапаров 50% туура эле айтып жатат. Көп жерде, ар бир жумушта кемчиликтер боло берет. Экинчиден, депутат кимдерди айтканын аттары менен так айтып кетсе болмок. Ошондо биз кайсы гезитти же интернет басылманы, теле каналды айтып жатканын даана билип алмакпыз. Үчүнчү жагынан алганда, сөз эркиндиги деген өтө оор саясий категория. Кандай болсо да сөз эркиндиги Акылбек Жапаровдун өзүнө керек. Эртең ал бизнеси же саясий көз-карашы боюнча куугунтукка түшүп калса, ал эң биринчи сөз эркиндигин издеп чуркап баштайт. Анан сага келет, мага келет. Ошон үчүн сөз эркиндигинин өлчөмүн демократия чечмелей албайт.
Бул сөздөр буга чейин да айтылып келген. Сөз эркиндигин буушка, кысымга алышка байланыштуу пикирин Скрипкина, андан кийин Карамушкина, эми Акылбек Жапаров айтып коюптур. Мен муну демократиянын коргонуу системасы эле иштеп атат деп ойлойм. Ал эми журналисттер тымызын акча алып атышат дегенге укук коргоо органдары өзүнчө чечим чыгарышы керек.
Би-Би-Си: Депутат өз сөзүндө өзгөчө гезит-журналдарга карата сын айтып, нускасы миңге жетпеген гезиттердин редакторлору кымбат унаа минип, заңгыраган үйдө жашап жатканы тууралуу оюн билдирди. Сиз өзүңүз дагы гезит чыгарып иштеп жүрөсүз. Кыргызстанда, деги эле дүйнөдө гезит-журналдардын тиражы түшүп кеткени баарына эле маалым. Азыркы рынок шартында, аз тираж менен кесиптик ишин таза улантуу мүмкүнбү?
Турат Акимов: Гезит- бул өлүп бараткан инструмент. Андыктан аз тираж менен өзүн багуу өтө кыйын. Эптеп өмүр сүрсө болот, бирок маал-маалы менен саясий чоң буюртмалар түшүп калышы мүмкүн. Ошонун негизинде убактылуу акчалар чыгат, аны жарым-бир жыл чоюп журсө болот. Кээде журналисттик иликтөө үчүн да буюртма болот. Менин гезитиме жазуучулар кайрылып, алардын жаңы китептерин ар бир санына басып турчумун, ал акы берчү.
Би-Би-Си: Анда Жапаровдун айткандары кимге багытталып жатат?
Турат Акимов: Ошону өзү айткан жок. Анан өзү таарынган гезиттер бар го деп ойлойм. Негизи эле адамдын, ошол эле депутаттын көз-карашы кылдын учундай да. Мактап жазсаң сени менен жакшы болот, сын-пикир айтсаң каршылашып калат.
Би-Би-Си: Бирок Жапаров жеке мамилесине байланыштуу эле айтты дейин десеңиз, аны колдоп бир катар коомдук ишмерлер, саясатчылар да өз ойлорун билдиришти.
Турат Акимов: Мен деле айтпадымбы 50% айткандары туура деп. Бирок аны 100%га тууралаган туура эмес болот. Ар бир кесипте жаңылыштык, туура эмес аракет бар сыяктуу эле журналисттерде дагы бар. Жапаровдун сынын трагедия кылбайм, 20 жылдан бери көнүп деле калганбыз.
Би-Би-Си: Эми мындан кандай жыйынтык чыгарыш керек?
Турат Акимов: Жапаров журналисттерди жоопко тарталы деп өз оюн айтты. Бирок анын баары Кылмыш кодексинде бар. Туура эмес жазгандарды сотко берсин, ошол жактан жыйынтык чыгат.