Ош шаарына орнотулуучу актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги курулуп бүтпөй калды

Автор: Акназар Сулайманкулов
Багыт.kg Багыт.kg
21 декабря 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ош шаарына алгачкы жолу орнотулуучу актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги курулуп бүтпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына эстеликтин архитектору Төрөбай Дилибаев билдирди.

"Эстеликтин өзүн жана орнотулуучу жайдын макетин даярдап бүткөнбүз. Бирок бүгүнкү күндө Сүймөнкул Чокморов фондунан каражат бөлүнбөй иш токтоп калды. Бул курулуш 2016-жылы бүтүшү керек болчу. Айкелдин жайын даярдоого Ош шаардык мэрия да 2016-жылы акча каражатын чечип бере албай калды. Шаардык мэриянын тийиштүү кызматы 2017-жылы акча каражатын чечип берүүнү пландап жатат. Эгерде шаардык кеңеш сессияда карап, каражат бөлүп калса, анда эстеликти куруп бүтөбүз", - деп билдирди Дилибаев.

Маалым болгондой, жаз алды менен эстеликти орнотууга бөлүнгөн 6 сотых жердин айланасы тазаланып, жаш көчөттөр отургузулуп, жасалгаланмакчы. Төрөбай Дилибаевдин маалыматына ылайык, айкелдин ачылуу аземи 2016-жылдын 4-октябрында Ош шаарынын күнүнө карата өтмөк.

Эске салсак, Чокморовдун эстелигин орнотуу аракети үстүбүздөгү жылдын август айында башталган.

Источник: super.kg