Сабыр Муканбетов: “Шыкмаматов Текебаевдин этегине намаз окуп эле кызматтан-кызматка секирип жүрөт”

Обратите внимание на дату публикации.

Кечее жакында депутат Алманбет Шыкмаматов “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү демилгеси коомдук талкууга коюлганын билдирди. Анын айтымында, жаңы демилгелер негизинен Коомдук каналдын байкоочу кеңешине тиешелүү. Анда белгиленгендей байкоочу кеңеш – корпорациянын редакциялык жана кадр саясатына кийлигишпейт. Аны менен катар тышкы субъектилердин телеканалдын ишмердигине кийлигишүүсүнө жол бербеген, мекемени ар кандай таасир этүүчү факторлордон коргоого ала турган органга айланышы керек. Ошондой эле, долбоордо Коомдук каналдын бюджети, байкоочу кеңештин отчету жана жетекчилик кызматтарга дайындоо менен иштен бошотуу нормалары каралган. Талкууда КТРК жөнүндөгү мыйзам 2011-жылы кабыл алынганы, азыркы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизген муктаждык – телеканалдын деңгээлин дагы жогорулатуу максатында пайда болгону белгиленди.

Бул тууралуу «КТРКнын байкоочу Кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовго кайрылсак, ал буларды айтып берди:

– «Байкоочу кеңеш – корпорациянын редакциялык жана кадр саясатына кийлигишпейт» дегенди киргизебиз» – деген сандырак сөз. «Так ошол, редакциялык саясатты көзөмөлгө алышсын, бир беткей каралоолорго жол бердирип, негизги каналдан карандай калпты айттырууну токтотушсун, бийлик башындагылардын эле заказын аткарып, бийликке сын айткандарды каралай берип, «кара жашик» атка конгонунан куткарышсын, жалпы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын аткарган коомдук каналга айландырышсын», деп мыйзам кабыл алып, Байкоочу Кеңешти (БК) шайлашкан да.

Анан азыр Шыкмаматовдун тилине кирип, редакциялык саясатка аралашпасын деген өзгөртүү киргизсек кандай болот. Бул деген артка кеткендик. Анда Коомдук канал дегенди жоюп эле салган оң. Убара болбой. Баштагыдай эле бийлик, дайындап, буйуруп башкара берсин, анда. Кадр саясаты тууралуу. Мыйзамда «Башкы директорду дайындайт, кызматынан алат» деп так, даана көрсөтүлүп турса, кандайча кадр саясатына кийлигишпейт дейбиз. Аны өзгөртсөк да мыйзамдын мааниси, коомдук канал деген  маңызы бузулат да. Балким, депутат «Байкоочу Кеңеш башкы директордун ыйгарым укуктарына кийлигишип, «тигини дайында, муну бошот» деп жатат дегендей айтып жаткандыр. Ооба, БК антип башкы директордун ыйгарым укуктарына кийлигишип, кадр дайындоого аралашпашы керек. Бул жагынан мыйзам сакталууда.

БК тарабынан айрым кадрларды кызматтан четтетүү сунушу рекомендация иретинде гана берилген. Аны аткарбай койсо деле болот. Ал дагы узак убакытка созулган моралдык-нравалык атмосферанын бузулушун жөнгө салуу максатында берилген рекомендация. Андай жагдайды жөнгө салуу башкы директордун милдети, аны бизсиз эле өзү чечиш керек болчу. Тааныш издеп ары бери жүгүрүп, соц тармактардагы досторун тукуруп Байкоочу Кеңешти жамандатып, «ЛГБТны эфирге чыгарганым үчүн жазалап атышат»-деп калпты шыпыртып, элдин башын айландырып, туура эмес кылып жатат.

Биз аны КТРКнын редакциялык саясатын сактабай, бир жактуулукка жолбергени, контенттин начардыгы, жааматтагы моралдык нравалык абалга көңүл бөлбөй ырбатып, КТРКнын аброюна шек келтиргени үчүн сөгүш берип жатабыз. Эгерде Илим Карыпбеков туура жыйынтык чыгарып, ишти оң жолго сала албаса анда кызматынан кетирүүгө туура келет.

Ал эми, тиги Алмамбет Шыкмаматовду да жакшы билебиз. Юстиция министири болуп иштесе эле билими толук дегенди түшүндүрбөйт. Ал компетенциясы жетиштүүлүгү үчүн министр, депутат болуп атыптырбы? Ал оппозиция катарында болуп, бийлик үчүн күрөшкөнү үчүн алган компенсациясы. Болбосо сот департементинде кагаз ташып, ары-бери жүгүргөн, «старший куда пошлет» дегенден башка кызматта иштеген тажырыйбасы жок эле бир жан! Текебаевдин этегине намаз окуп эле кызматтан-кызматка секирип жүрөт.

Коомдук канал тууралуу мыйзам боюнча ой пикир билдирем деп атып, билими чийкилигин, өзүнүн тайкылыгын көрсөтүп алды. Бул жөн гана жийиркенич жарата турган регионализмдин бир эпизоду. «Жумгалдыкпыз, жердешпиз бири бирибизди колдойбуз» деген ураанды туу тутуп, демократиялык баалулуктарды тепсегенге, Коомдук канал идеясын алып чыккан партиясынын көз карашына деле «чычып ойнобогонго» даяр экени, ачыкталды. Бир жагынан, парламент трибунасынан НПОлордун таламын талашып, демократиялык баалулуктар үчүн бакылдай калып, анан кайра коомдук каналдын негизги принциптерине каршы сүйлөп жатышы, ал жөн гана эки беттүүлүктүн далили.

Источник: kyrgyztoday.kg