Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат принцибиндеги Аманбаев

Обратите внимание на дату публикации.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев жумушу жок калгансып Коомдук каналды сотко берүүгө белсенүүдө. Бул тууралуу пикирин Азаттык үналгысына билдирген экен. Анын жүйөсүнө таянсак, аталган канал Б.Аманбаевди бир тараптуу айыптап, укугун бузуп жатыптыр. Кыргызстанда эң башкы укук коргоочу ушинтип догурунуп жатса күйөт экенсиң эй. Биз билгенден КТРКдан буга чейин каналдагы коммерциялык багытта жасалган кыңыр иштер тууралуу маалымат кеткен. Анда азыркы жетекчи Илим Карыпбеков менен Байкоочу кеңеш коррупциялык схеманы аныктап чыкканы айтылган эле. Аталган схема дал ушул Аманбаев каналдагы коммерциялык кызматты жетектеп турганда гүлдөп турган. Бул боюнча тиешелүү фактылар да көрсөтүлгөн. Аталган берүүнү даярдаган журналисттер бейтараптуулукту сактоо үчүн Акыйкатчынын өзүнө байланышканда пикирин билдирүүдөн баш тарткан экен. Анан эмне кылсың? Коррупция, мыйзам бузуу башкы укук коргоочунун тушунда орун алса көз жумуп коюш керекпи? Кыргызстанда Акыйкатчы деген институтта өтө чоң ыйгарым укуктары бар. Аны керек болсо президент да жумуштан ала албайт. Учурда канчалаган жаш секелектер, сөөгү ката элек балдар кордолуп жатканда өз көмөчү үчүн Аманбаевдин соттошуп жүргөнү акылга сыйбайт го? Өз милдетин аткарбай, буга чейинки кыңыр иштерин жабуу үчүн жанталашып жаткан Аманбаевдин дал өзүн сотко бериш керек болуп жүрбөсүн. Айтор, бул жагы кыргыз элинде айтылып келгендей «Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат», же «Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт» деген учкул кептерге ѳтѳ жакындашып атат...

Источник: Focus.kg