Аскар Акаев «Нобель» сыйлыгына көрсөтүлүүдө

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде - 23-майда Москвадагы окумуштуулар үйүндө Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев студенттер, аспиранттар, кыргыз диаспорасынын активисттери, коомдук ишмерлер, илимдин кандидаттары, профессорлор, Москвадагы окуп, иштеп жаткан кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу «Нур» гезити жазат.

Жолугушуу учурунда Москвадагы «Менделеев» атындагы химиялык- техникалык университетинин профессору Алиева Күлийпа Мукашевна Аскар Акаевичтин «Нобель» сыйлыгына көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Жолугушууда «Ломоносов» атындагы Москвадагы Мамлекеттик университеттин башкы илимий кызматкери Аскар Акаевич жакынкы келечекте боло турган глобалдык масалелерге да токтолуп өттү. «Пресстелген суу» деп атап жүргөн таза суунун таңкыстыгы жакынкы келечекте билинерин, ушул жерде Кыргызтандын таза суу боюнча деңгээли чоң экендигин баса белгилеп өттү.

Москвадагы Кыргыз Биримдик коомунун төрагасы Абдыганы Шакиров мигранттардын көйгөйлөрүн кантип чечүүнүн жолдорун жана ЭАЭСке киргенибиздин канчалык деңгээлде тууралыгын сураганда, Аскар Акаев Кыргызтандын ЭАЭСке кошулгандыгы эң эле туура экендигин айтып, бирок экономиканын өнүүгүсү эми бир гана бийлик башындагылардын колунда экендигин, туура багытты тандап алса, экономикабыз өнүгөөрүнө ишенээрин билдирди.

Ал эми коомдук ишмер, маданияттын мыкты кызматкери Багыт Бапанов Москвадагы мекендештердин жетишкендиктери жана Москвадагы аксакалдар кеңешинин иштери тууралуу баяндап, ошол аксакалдар кеңешине мүчө болушун сунуштады. Бул сунушка макулдугун билдирип, Аскар Акаев сөзсүз түрдө катышып тураарын убада кылды.

Жолугушуунун соңунда илимий конференцияга келип катышкандардын дээрлик бардыгы Аскар Акаевди үй-бүлөсү менен кыргыз жергесине кайтуусун, Кыргыз мамлекетинин илимий өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун суранышып, илимий жетишкендиктерди каалашты.

Источник: Баракелде