Карыпбеков ишин каралаган менен баштаганы уят!

Автор: Сагын Жээнбаев
Маалымат.КГ Маалымат.КГ
Обратите внимание на дату публикации.

Кечээ Ала-Тоо маалымат программасынан акыйкатчы Бактыбек Аманбаевди каралоо болду. Каныкей Жунусова деген журналисттин бир беткей материалынын башы КТРКда коррупциялык схема табылды деп башталды. Анан эле дароо Бакыт Аманбаев КТРКнын астындагы рекламалык агенттикти жетектеп турган мезгилде мынча миллион сом уурдалган деп салды.

 Ал убакта КТРК нын жетекчиси Кыяз Молдокасымов болчу. Ал тууралуу кеп да козголгон да жок. Бакыт Аманбаев бул кызматта бир жылдан ашык эле иштеген. Андан кийин бул кызматка кайсы деректир келсе ошол өз адамын коюп келген. Айрымдары экиден адам койгон. 2008-жылдан бери Мелис Эшимканов, Кайырүл Орозбай кызы, Кубат Оторбаев, Султан Жумагулов КТРКга деректир болуп иштеп, рекламалык комерциялык агенттиктин деректири канча жолу алмашты.

Бирок эмнегедир так ушул Бакыт Аманбаев турган бир жарым жыл убакыт ичинде болгон иштер иликтөөгө алынганы кызык. Анан дагы рекламалык-комерциялык агенттик түздөн-түз КТРКга баш ийбейт. Ал РРТЦ деген башкармалыка баш ийет. Бул структуранын ал убактагы деректири Талыпов болчу. Ал тууралуу дагы кеп жок. Анан Бакыт Аманбаев тууралуу айтып келе жатып эле анын эжеси Урмат Аманбаевага өтүп, ага козголгон кылмыш иши, анын саунасы бар экендиги айтылды. Орусча айтканда “причем здесь она”. Кеп КТРК ал жердеги коррупция тууралуу болуп жатпайбы. Каныкей Жунусова убагында Атамбаевди дагы, Темир Сариевди дагы ушинтип шыбап турчу. Себеби анын кесиби ошол. Шыба десе шыбайт. Ал эми жаңы жетекчи болуп келген Илим Карыпбеков ишин бирөөлөрдү каралоо менен баштаганы уят.

Источник: Maalymat.kg