Садыр Жапаров Валентина Шевченкону куттуктады

27 сентября 2021
Версия для печати

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-сентябрда мушкер айым Валентина Шевченко менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «UFC» мушташ уюмунун АКШнын Парадайс шаарында өткөн мелдешинде кезектеги жеңишине жетиши жана чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калышы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Шевченконун эң жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

«Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Сиз абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем», - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал Валентина Шевченкого бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Источник: Баракелде