АКИpress - Мамлекеттик тарых музейин 2021-жылдын ноябрь айынын аягында ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Салтанат Аманова 16-сентябрда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, тарых музейин ачуу маселеси боюнча IT-технологиялар, экспозиция жана көргөзмө ишмердүүлүгү боюнча немис адистери чакырылган. Алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
- Тарых музейи 2016-жылдын 25-мартынан бери жабык.