Нарын шаарынын тургундары бир жумадан бери сатып алууга көмүр издеп убара

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары кычыраган суукта көмүрсүз калышты. Бул тууралуу аталган шаардын жашоочусу Касымбек Саманчиев аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар учурда отунсуз калышкан.
«Бир жумадан бери шаардын аймагында сатып алууга көмүр жок. Жергиликтүү бийлик кампада көмүр ашып-ташып жатат дешет. Кампага барсаң көмүр таппайсың. Жергиликтүү бийлик эмне үчүн элди алдап, жогору жакка башкача отчёт беришет? Сырттан көмүр келбей калды», - деди К.Саманчиев.
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү шаардын аймагында үч жерге кампа ачылып, учурда көмүр отуну тартыш болуп жатканын билдирди.
Ал эми, Кара-Кече көмүр кени 15-январдан тарта көмүр өндүрө баштай турганын «Кыргыз көмүр» ишканасынын Кара-Кече филиалынын жетекчиси Т.Ашыров билдирди.
«Кара-Кече тазалоо иштерине байланыштуу 24-декабрдан баштап жабылган. Азыр да тазалоо иштери жүрүп жатат. 15-январдан тарта иш башталат»,- деди Ашыров.
 

Источник: Баракелде

Нравится